"Манас" театрында улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чара өттү

Маданият 13 Май 2026 18:30
697380809_1275079288117158_7632780987576208804_n.jpg
697253351_1275079304783823_3815057339784072827_n.jpg
699738593_1275079301450490_4854520154698049199_n.jpg
695856455_1275079298117157_3131642259166898306_n.jpg
697112500_1275079278117159_302090483749780349_n.jpg
697792533_1275079284783825_540592289119271756_n.jpg
697792936_1275079281450492_6977760918314528040_n.jpg
698859169_1275079291450491_7340972913981606230_n.jpg
699700814_1275079294783824_2874114055313211612_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз улуттук "Манас" театрында президенттин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында маданий иш-чара өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "Аруу Нур" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, окумуштуулар, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин каада-салты, улуттук баалуулуктары жана кол өнөрчүлүгү даңазаланып, көрүүчүлөргө "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү камтыган театралдаштырылган спектакль тартууланды. Улуттук маданиятты жана руханий мурастарды жайылтууга багытталган программа келген коноктор тарабынан жылуу кабыл алынды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар улуттук аң-сезимди бекемдөөгө, кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурастарын жаш муундарга жеткирүүгө өбөлгө түзөт.