Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Манас шаарында “Жалал-Абад Органик - 2026” форуму өттү. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, форумда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык жактан таза продукция өндүрүүнү көбөйтүү, заманбап технологияларды колдонуу жана айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле бул иш-чара экологиялык жактан таза продукция өндүрүүнү кеңейтүүгө жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталды.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, шаар мэри Уларбек Исмаилов, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, фермерлер жана ишкерлер катышты.