Манас шаарында 528 орундуу жаңы мектеп корпусу курулууда

Аймак 373 22 Июль 2026 18:55
WhatsApp_Image_2026_0GWBFkB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
752620231_1544393907159653_3774785285630813664_n.jpg
751360198_1544393933826317_1894935951652590773_n.jpg
751703542_1544393997159644_4369123997026653308_n.jpg
754497426_1544393897159654_4158490217064272060_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда. Алардын бири — №13 Роза Азимбаева атындагы мектепке кошумча салынып жаткан 528 орундуу жаңы окуу корпусу.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күндө үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары тургузулуп, учурда чатырын жабуу жана ички шыбак иштерин аткаруу жүрүп жатат.

Долбоор боюнча мектеп беш блоктон туруп, жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Анда негизги окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек класстары жана спорт залы жайгашат.

Жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөттө 1 000ден ашуун окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.