Манас районундагы эскилиги жеткен маданият үйү жаңыланат

Аймак Загрузка... 06 Март 2026 14:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Аталган маданий жай 1958-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенине 70 жылга жакындап калган. Имараттын эскилиги жеткендиктен, утурумдук оңдоп-түзөө иштери натыйжа бербей, жаңы имарат куруу муктаждыгы жаралган.

Сапардын жүрүшүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев төрагага келечекте курула турган көп функционалдуу маданий борбордун типтүү долбоорун тааныштырды.

Марлен Маматалиев сунушталган долбоорду колдоп, тиешелүү жетекчилерге аталган объектти курулуштун титулдук тизмесине тез арада киргизүүнү тапшырды.

"Бул маданий жай жергиликтүү эл үчүн өтө маанилүү. Тиешелүү мекемелер керектүү иштерди ыкчам жүргүзүп, Семетей айылына жаңы маданият үйүн куруп бериши кажет. Долбоор кагаз жүзүндө калбай, сөзсүз ишке ашышы керек", – деп баса белгиледи төрага.