Манас районунда азык-түлүк жарманкеси өтүп, эт арзан баада сатылды

Аймак Загрузка... 19 Декабрь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Манас районунда азык-түлүк жарманкеси өтүп, эт арзан баада сатылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун борборунда өткөн жарманкеде элге керектүү азыктар базар баасынан арзан сатылды. Мисалы, эттин баасы 650 сомдон болсо, колбаса азыктары 100-400 сомдун тегерегинде сатылды. 

Белгилей кетсек, министрликтин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн жүгүртмө боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.

Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.