Манас районунда 7,28 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 11 декабрь 2025 12:40
Манас районунда 7,28 га жер мамлекетке кайтарылды
copyright icon УКМК

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Манас районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча активдүү иш-чаралардын жүрүшүндө Манас районунда 7,28 га аянттагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүнү аныктады.

Натыйжада УКМК жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.