"Манас Ордо" жаңыланууда: Музейдин аянты 3 эсе кеңейип, санариптештирилет

Аймак Загрузка... 13 Март 2026 10:00
651009079_950802114144306_1615450895010235100_n.jpg
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Таласта президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен "Манас Ордо" улуттук комплексинде курулуш жана реконструкция иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

650751243_950802277477623_608168122573989348_n.jpg

Күн мурун президенттин өкүлү Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу менен бирге "Манас Ордо" комплексинде техникалык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде курулуш иштеринин жүрүшү, айрым кемчиликтерди жоюу, иштерди ылдамдатуу жана курулуштун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

650672089_950802370810947_6399902142188573177_n.jpg

Учурда аба ырайынын жылышына байланыштуу курулуш иштерин эки нөөмөт менен жүргүзүү пландалууда. Мындан тышкары, комплекстин айланасын жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу иштери да башталганы турат.

650138773_950801174144400_7185878066533540692_n.jpg

Азыркы учурда музейдин аянтын кеңейтүү жана имаратты бекемдөө иштери жүрүп жатат. Мурда музейдин аянты 400 чарчы метр болсо, реконструкциядан кийин ал 1200 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Жакынкы аралыкта ички жасалгалоо иштери башталат. Музей заманбап талаптарга ылайык санариптик искусство музейи болуп жаңыланып, жаңы экспонаттар коюлат.

649845874_950801877477663_7403019424474759815_n.jpg

Курулуш иштерин ушул жылдын 31-августуна чейин жыйынтыктоо пландалууда. Себеби, быйыл өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет.

650305700_950802340810950_4679118351392378468_n.jpg

Реконструкциянын максаты – имараттарды жөн гана оңдоп-түзөө эмес, "Манас Ордо" комплексин Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу.

651046132_950801904144327_9105136610159910851_n.jpg

Ошондой эле 300 адамга ылайыкталган заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат курулууда. Мурда курулган "Түлөөкана" жана "Мейманкана" объекттери да толук жаңыланууда.