“Манас” эпосун интерактивдүү ыкмалар менен окутуу боюнча семинар-тренинг өттү

Билим Загрузка... 29 Октябрь 2025 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Манас улуттук академиясы

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. “Үч Эмчек” этнокомплексинде мугалимдер үчүн “Манас” эпосун заманбап жана интерактивдүү окутуунун үлгүлөрү” аталышында тренинг-семинар уюштурулду. Бул тууралуу Манас улуттук академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара эпосту окутууда санариптик технологияларды жана жаңы педагогикалык ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Тренингге Манас таануучу мугалимдер катышты. Семинарды манасчы, КР эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев, Данияр Карабаев жана Чынара Салиева алып барды.

Расмий ачылышта “Манас” улуттук академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы жана БААУнун вице-президенти Чынаркул Рыскулова эпосту муундан- муунга заман талабына ылайык жеткирүүнүн маанисин баса белгилешти.

Катышуучулар интерактивдүү таанышуу оюнунан кийин Самат Көчөрбаевдин “Манас” эпосунун тарыхына арналган лекциясын угушту. Андан соң топтук талкууларда эпосту окутуудагы көйгөйлөр жана жаңы мүмкүнчүлүктөр каралды.

Мугалимдер оюндарды, санариптик текст талдоо куралдарын (Voyant, AntConc), жасалма интеллектти жана онлайн платформаларды колдонуп, заманбап сабак планынын үлгүсүн түзүштү.

Катышуучулар интерактивдүү жана санариптик методдорду өздөштүрүп, “Манас” эпосун окутууну жандандырууга багытталган реалдуу инструменттерге ээ болушту. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына сертификат тапшырылды.