"Манас" эпосун даңазалаган "Айкөлдүн жолу" китеби жарык көрдү

Маданият 04 Декабрь 2025 12:52
588556744_1152146313743790_248203532830205557_n.jpg
588711539_1152146633743758_1185382773185391103_n.jpg
588728750_1152146573743764_3944061360952207408_n.jpg
590379180_1152146450410443_5126207313110312794_n.jpg
590761928_1152146397077115_4912338469417417319_n.jpg
590774378_1152146687077086_6942671936754785913_n.jpg
591284508_1152146777077077_7289725328433179061_n.jpg
592275340_1152146480410440_5347828446119784822_n.jpg
592908470_1152146613743760_8587296023794551347_n.jpg
593294335_1152146300410458_8189598510889888323_n.jpg
594162878_1152146720410416_3628819468009711091_n.jpg
594295719_1152146417077113_5824586298145059288_n.jpg
594855204_1152146370410451_713301471123058823_n.jpg
594872792_1152146350410453_834039903379573277_n.jpg
595134536_1152146813743740_7872997919332122182_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. 4-декабрда — "Манас" эпосунун күнүнө карата Кыргыз улуттук "Манас" театрында казакстандык белгилүү манасчы, Кыргызстандын "Достук" орденинин ээси Баянгали Алимжановдун "Айкөлдүн жолу" аттуу өздүк вариантын түзгөн китебинин бет ачары өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жаңы эмгек кыргыз менен казактын руханий бир туугандыгын, "Манас" мурасынын улуулугун жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин даңазалаган маанилүү чыгарма катары бааланды.

Китеп эпостун бай салтын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүнү айкалыштырып, маданий кызматташтыктын жаңы барагын ачты.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ошондой эле белгилүү окумуштуулар жана профессорлор катышып, чыгарманын тарыхый жана маданий маанисин белгилешти.