Тоолор, бийик чокулар, таштан ташка урунуп бууракандап кирген дайра, өзөн ылдый шылдырап аккан суу, көлдөр, кызгалдактуу талаалар, жалбырагы жайнап өскөн тал-теректер, бак үстү конуп алып ар таңда сайраган булбул үнү, канаттуу куштардын добушу, айтор, көз жоосун алган көрүнүштөрдүн бардыгы биригип олтуруп соңунда канчалык уксаң кумарың канбаган ажайып бир укмуш кайрыктарды жараткандай.
Тирүүлүк белгиси, өмүрдүн уланышы, жер үстүндө жашоо бар деген белгинин өзү – Музыка болуп жүрбөсүн!?
Оо, качанкы бир замандарда канаттуулардын дабышына желге ыргалган чөптөрдүн шуудуру кошулуп, анан аларды тыңшаган адам-пенде дилинде пайда боло калган ойдон улам көкүрөгүндөгү көксөөсүн айтайын деп, колго урунган жыгач буюмдардан тарта темир-тезекти колуна кармай сыйкырдуу ыргактарды таап алып чечекейи чеч боло маашырланган чыгар!?
Кандай болсо да, кайрык деген кайрык! Ал уккан кулактын курчун кандырып, сезимине от коёт.
Адам баласынын ансыз да шору арбын экен, жашоодо жакшысынан жаманын көп көрүп көңүлү сууй түшкөндө ага музыка дем берсинчи, ызасын ырдан чыгарсынчи, бактысын шаңга кошсунчу деп табият бизге музыканы кошо энчилегендир. Музыка менен ыйыбыз чыгып, ырыбыз айтылып, күү менен күр-шар турмушту баян кылабыз.
Жаша, музыка!
* * *
Музыка – Акимжан Жээнбайдын жашоосунда эң ыйыгы, көөдөндө көп жылдар бою, а балким бала күнүнөн бери бугуп жаткан канаттуу кыялы, карманар туткасы, канат серпип алыска күүлөп дем берген зор күч-кубаты, азабы жана бактысы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Акимжан Жээнбай – музыка дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын чыгармачылыгы кыргыз элинин тарыхын, кайгы-муңун, үмүт-тилегин жана улуулугун баян кылган улуу мурас.
* * *
Акимжан Жээнбай 1946-жылдын 30-мартында Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылында жарыкка келген. Бала күнүнөн тагдырдын оор сыноолорун баштан кечирген Акимжанга мээримин төккөн чоң энеси Айкандын айткан акыл-насааттары дем берди. Кыялкеч жана көркөм дүйнөгө ынак бала мектеп-интернатта окуп жүргөндө музыкалык ийримге катышып, үйлөмө аспаптарда ойноону өздөштүрөт. Эскиден калган нарктуу сөздү укканды сүйгөн Акимжан Жээнбай, айрыкча, тарыхка маани берип, элибиздин трагедиялуу учурларына кызыкты. Мына ушул көрүнүштөр анын кийинки чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизди. Музыкага болгон сүйүүсү аны акырындап чоң искусствого алып келди.
* * *
1963-жылы Кызыл-Кыядагы кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөн соң, 1965-жылы Оштогу педагогикалык институттун музыкалык факультетинде билим алат. 1966-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын теориялык-композициялык бөлүмүндө окуп чыгат. 1976-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасын аяктаган соң, эки жылдай Кыргыз мамлекеттик Телерадиокомитетиний музыкалык редакциясында редактор, 1978-жылдан 1981-жылга чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында мугалим болуп эмгектенди. Андан кийин Кыргызстан Композиторлор союзунда иштеп, мына дал ошол жылдардан тарта жер-жерлерди кыдырган Акимжан Жээнбай элдик оозеки чыгармачылыкка зор маани берип, эл арасынан катылуу жаткан өнөрпоздор менен жолугушуп, кыргыз музыкасында легендага айланган инсандардын урунган буюмдарын, комуз жана үйлөмө аспаптарды чогултууну алдына максат кылып койду.
* * *
Композитордун чыгармачылыгынын негизги өзгөчөлүгү – улуттук фольклор менен заманбап музыкалык ыкмаларды айкалыштыра билгендигинде. Ал кыргыздын байыркы ыр-күүлөрүн, кошокторун, арман-ырларын өз чыгармаларына чеберчилик менен сиңирип, жаңы музыкалык формага айландыра алды. Анын обондорунда элдик обон менен профессионалдык композициянын гармониясы байкалат.
Акимжан Жээнбай – ар кыл жанрда эмгектенген көп кырдуу талант. Ал хор чыгармаларын, симфониялык поэмаларды, камералык жана аспаптык музыкаларды, ошондой эле обондуу ырларды жаратты. Анын белгилүү чыгармаларынын катарына “Уркуя” симфониялык поэмасы кирет.
“Уркуя” симфониялык поэмасы — образдык өнүгүүсү күчтүү, драматизм менен лиризмдин айкалышынан турган чыгарма. Поэмада композитор каармандын тагдырын музыкалык драматургия аркылуу ачкан. Бир жагынан назик, лирикалык тема, экинчи жагынан курч, драмалык мотив. Оркестрдин динамикалык өнүгүшү кульминацияга акырындык менен жеткирип, ритмдик чыңалышы ички күрөштү көрсөтөт. “Уркуя” чыгармасында композитор аял тагдырын эле эмес, жалпы коомдук адилетсиздикти да символикалык деңгээлде бере билген. “Уркуя” симфониялык поэмасы – кыргыз музыкасында психологиялык тереңдикти камтыган чоң эмгек.
* * *
Ал эми “Күү дастан” — Акимжан Жээнбайдын чыгармачылыгындагы эң оригиналдуу формалардын бири жана улуттук мурастын симфониялык чечмелениши. “Күү дастанда” композитор кыргыздын салттуу күү өнөрүн симфониялык деңгээлге көтөрүп чыгып, комуздук интонациялардын оркестрге салынышын, күү стилине мүнөздүү эркин форма жана кичинекей интонациядан чоң форма жаратуусун баамдайбыз. Муну менен композитор улуттук музыкалык кодду сактоо менен катар аны европалык формада өнүктүрө алган. Жыйынтыктап айтканда, “Күү дастан” – жеке аткаруудан чыгып, философиялык масштабдагы симфониялык ойго айланып чыга келген.
* * *
“Балалык жөнүндө эскерүү” чыгармасы — Акимжан Жээнбайдын лирикалык симфонизминин жогорку үлгүлөрүнүн бири. Мында композитор кыргыз музыкасынын алкагында вокалдык-симфониялык жанрды тереңдетип, индивидуалдык эскерүүнү универсалдуу көркөм образга айландырган. Муну менен композитор чоң формаларда да адамдын эң назик сезимдерин жеткирсе болорун далилдеген.
* * *
Акимжан Жээнбайдын чыгармачылык жолундагы дагы бир башкы тема — бул улутубуздун руханий кубаты болгон “Манас”!
Кыргыз элинин эң аялуу дүйнөсү саналган “Манас” эпосун тереңден изилдеп билип, аны профессионалдык музыкага салуу үчүн композитор көптөгөн күч жумшаган. “Каныкейдин көз жашы” чыгармасы Манастын 1000 жылдыгына арналып жазылган. Аталган эмгек жанрдык жактан кошоктун жаңыча интерпретациясы, башкача айтканда, элдик аза ырын профессионалдык хор-симфониялык деңгээлге көтөргөн уникалдуу чыгарма. Кошок — кыргыз элинин эң байыркы фольклордук формаларынын бири. Акимжан Жээнбай бул жанрды жеке адамдын кайгысынан улуттук масштабдагы трагедиянын символуна айланта билген. Чыгармада Каныкей – жөн гана Манастын жары эмес, ал эл тагдырын көтөргөн аял, улуттук кайгынын көркөм образы.
“Каныкейдин көз жашы” — эпикалык-лирикалык реквием деңгээлиндеги чыгарма. Мында добулбас убакыттын жана тагдырдын символу катарында мүнөздөлөт. Добулбас – чыгарманын эң өзгөчө аспаптык өзөгү. Добулбас үнү кай бирде согуштун, кай бирде азанын үнүн эске түшүрөт. Добулбас соккулары убакыттын өтүшүн, тарыхтын оор учурларын, элдин жамааттык эс-тутумун символдоштурат. Бул — композитордун тембрдик символизмди терең колдонгонунун айкын мисалы. Аралаш хор чыгармада негизги драматургиялык күч катары пайдаланылып, элдин биримдигин көрсөтөт. Чыгармада кыргыз кошокторуна мүнөздүү интонациялар кеңири колдонулат. «Каныкейдин көз жашы» чыгармасында Акимжан Жээнбай кайгыны – алсыздык эмес, руханий күч катары берсе, эскерүүнү – улуттун уланышы, аял образын – тарыхты сактоочу күч катарында сыпаттайт.
“Каныкейдин көз жашы” – Акимжан Жээнбайдын чыгармачылыгындагы эң концептуалдуу, символикалык эмгектердин бири.
* * *
“Айкөл Манас” – эпикалык образдын симфониялык ачылышы...
Акимжан Жээнбайдын “Айкөл Манасы” – жанрдык жактан симфониялык поэмага жакын ири масштабдагы эмгек. Мында композитор эпостук каармандын мүнөзүн, анын ички дүйнөсүн жана тарыхый миссиясын музыкалык образдар аркылуу ачкан. Чыгармада Манас жөн гана баатыр эмес, ал улуттук идеал жана руханий күчтүн символу!
Чыгарманын өзөгүн түзгөн башкы тема – Манастын образы!
Кеңири диапазондогу мелодия – эркиндикти, улуулукту билдирсе, күчтүү ритмдик импульс – аракетти, күрөштү чагылдырат. Ал эми интонациялык басым – ишеним жана жеңиш идеясын берет. Чыгармада Манастын образы туруктуу гана эмес, өнүгүп турган тирүү образга айланып чыга келет. “Айкөл Манаста” композитор оркестрдин мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, жез үйлөмө аспаптар (труба, валторна) – баатырдык пафос, добулбас – согуш, кыймыл, эпикалык динамика, кыл аспаптар (скрипка, виолончель) – лирикалык эпизоддор, Манастын адамдык жүзү катары көрсөтүлөт.
Ушул чыгарма менен композитор баатырдык – жөн гана күч эмес, ал жоопкерчилик, ал эми элдин тагдыры – жеке адам аркылуу ишке ашат деген идеяны айткан. Манас чыгармада тарыхый каарман эмес, түбөлүктүү образ катарында ачылат. “Айкөл Манас” – кыргыз эпосун симфониялык деңгээлде чечмелеген ири чыгарма жана композитордун эпикалык ой жүгүртүүсүнүн туу чокусу!
* * *
Композитордун обондуу ырлары өзгөчө ички назиктик жана поэтикалуулук менен айырмаланып турат. Алардагы негизги белгилер жөнөкөй, элдик ырларга жакын. Тексттин маанисин музыкалык линия толуктап турат. Обондуу ырларында Акимжан Жээнбай ата-энени жана Мекенди даңктайт. Бул жагынан алганда Акимжан Жээнбай элдик композиторлук салтты улантуучу катары көрүнүп чыга келет. “Аталар” хору, “Балалыкты эскерүү”, “Достук вальсы”, “Үч кербез”, “Эне жөнүндө баллада”, “Эне”, “Мекен”, “Согуш апааты” өңдүү бир канчалаган чыгармалары – композитор Акимжан Жээнбайдын улуттук музыканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы болуп саналат.
* * *
Эл аралык Абдылас Малдыбаев жана Мукаш Абдраев атындагы сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, композитор Акимжан Жээнбай бүгүн 80 жашка чыгып олтурат. Улуттук наркты бийик тутуп, Манасты даңктаган композитор отуз жылдан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип, миңдеген таланттуу жаштарды тарбиялап чыгарды.
Чыгармачылык жигер менен элине ажайып чыгармаларды тартуулаган композитор Акимжан Жээнбайга кылым жашап, элибиздин сезимине терең ойду сепкен философиялык өңүттөгү бир катар чыгармаларды жаратышын тилейбиз.