Манас шаарынан Багыш айлына чейинки 12,4 чакырым жол асфальтталууда

Аймак 19 март 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-19 at 11.29.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Манас шаарынан Багыш айылына чейинки унаа жолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн бул жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда.

Учурда курулуштун алкагында эски темир жол конструкциялары алынып, жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Адистер тарабынан бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз нугунда аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, аталган унаа жол 4 тилкелүү болуп курулат.