Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок, учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 4-мартта саат 17:21 чамасында аэропортто жүргүнчүлөрдүн биринин багажына же токтоп турган унааларга бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына катталып, алдын ала тергөө иштери башталган.
Аэропорттун аймагы дароо курчоого алынып, бардык жарандар жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
Милиция кызматкерлери тарабынан УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерде сапёрлор тобу иш алып барышып, анын жыйынтыгында табылган граната оюнчук болуп чыккан.
Аба каттамдарынын учуп келүүсүнө жана учуп кетүүдө эч кандай кечигүү болгон жок, азыр курчоо алынып, аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.
Учурда бомба тууралуу билдирген кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатат.