Мамлекеттик тил – улуттук биримдиктин негизи. Жогорку сотто тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 22 сентябрь 2025 17:14
549832563_1141746814801350_787029505332253784_n.jpg
549922028_1141746908134674_5906202064053158225_n.jpg
550239868_1141747001467998_7582941851662385298_n.jpg
550375378_1141746811468017_3866453979849955220_n.jpg
550417428_1141747194801312_8955665425542424598_n.jpg
550698499_1141746818134683_8382163518343938030_n.jpg
550726996_1141746868134678_4683260907606074933_n.jpg
550985765_1141746878134677_1601728475307882726_n.jpg
552918430_1141747221467976_1430491888018728535_n.jpg
553183662_1141746978134667_5470354849034074483_n.jpg
548966873_1141746981468000_5157620760922929597_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Жогорку сотто Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул туралуу ведомстводон маалымдашты.

Ага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, төраганын орун басарлары Нургул Бакирова жана Нурлан Мусаев, ошондой эле чакырылган коноктор президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова жана борбордун тренери Тамара Козубекова катышты.

“Тил – элдин жүрөгү, элдин жан-дүйнөсү. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, “Эне тилин билбеген — элдин каймак байлыгын түшүнбөйт”. Тилди сактоо — бул элдин рухий дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын сактоо дегенди түшүндүрөт. Биздин ар бирибиздин милдетибиз — кыргыз тилин өнүктүрүү, байытуу жана жаш муунга таза, так үйрөтүү.

Мамлекеттик тил – улуттук биримдиктин негизи. Тилди өнүктүрүү – бул жалпы коомдун иши. Ар бир кыргызстандык кыргыз тилин урматтоого, үйрөнүүгө жана колдонууга тийиш. Бул – биздин ыйык парзыбыз.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул кыргыз тили.Мамлекеттик тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.

Сот тутуму дагы эне тилин аздектеп, Пленумдун иши каралганда, судьялар ант бергенде, чоң жыйындар, тегерек столдор уюштурулганда, алгач Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, андан соң кыргыз тилинде өткөрүлөт", — деп белгиледи Медербек Сатыев.

Андан соң Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлери үчүн «Сот адилеттиги тармагындагы иш кагаздарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү. Орун алган көйгөйлөр» темасында кеңири лекция окулду.Тренердин чыгышынан кийин аппаратык кызматкерлер кызыктырган суроолорду берип, кеңири жооп ала алышты. Жолугушууда катышуучулар мамлекеттик тилде юридикалык терминологияны колдонуу практикасындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ал эми Тамара Козубекова күнүмдүк иште мыйзам чыгаруучу тарабынан бекитилген кыргыз тилинде жазуу эрежелерин активдүү колдонуу, иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасындагы типтүү нускаманы колдонуу, ошондой эле орус-кыргыз юридикалык терминдер сөздүгүн пайдаланууну сунуштады.