Мамлекеттик сыйлыктардын жарымын кыскартуу сунушталууда

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик сыйлыктардын дээрлик жарымын кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Кубан Казаков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жалпысынан 46 мамлекеттик сыйлык, сый акы жана ардак наамдар каралган.

Кубан Казаков статистикалык маалыматтарга таянып белгилегендей, “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалын кошпогондо, 2010-2025-жылга чейин, акыркы 15 жылда 1034 мамлекеттик сыйлык, 2837 Ардак грамота жана 2215 ардак наамдар тапшырылган.

“Бул жагдай Ардак грамота жана ардак наамдардын кеңири берилерин көрсөтүп, алардын баалуулуктарынын акырындык менен төмөндөшүнө алып келүү мүмкүндүгүн белгилейт. Ушуга байланыштуу колдонуудагы мыйзамдагы 46 сыйлыктын ордуна жаңы мыйзам долбооруна ылайык, анын 20сын калтырууну сунуштап жатабыз”, - деди ал.