Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. “Слово Кыргызстана” гезити мамлекеттик саясатты чагылдырууда маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов аталган гезиттин 100 жылдык мааракесинде билдирди.
Анын айтымында, “Слово Кыргызстана” өлкөдөгү эң таасирдүү жана кадыр-барктуу гезиттердин бири.
“Совет доорунан бери мамлекеттик өнүгүү процесстерин чагылдырып келет. Айрыкча мамлекеттик саясатты элге жеткирүүдө жана коомдук пикирди калыптандырууда басылманын орду чоң. Аймактарга чыгып, жеринде маалымат чогултуп, активдүү иш алып барган кесипкөй гезит”, — деди Иманкулов.