Мамлекеттик органдарда каржылык дисциплинаны күчөтүү зарыл — аудитор

Маек Загрузка... 27 Март 2025 13:20
WhatsApp Image 2025-03-27 at 13.05.59.jpeg
copyright icon Эсептөө палатасы

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Эсептөө палатасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде каржылык мыйзам бузуу катталып, каражаттар максатсыз пайдаланылганын маалымдаган. "Кабар" агенттиги мындан улам Эсептөө палатасынын аудитору Мукаш Арзыбаев менен маек куруп, аталган министрликке жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тууралуу бир катар суроолорубузду узаттык.

— Мукаш Кадырович, саламатсызбы! Жакында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары жарыяланды. Алгач, ушул аудиттин максаты жана анын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

— Саламатсызбы! Бул аудиттин негизги максаты — бюджеттик каражаттардын туура жана натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү, мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктоо, ошондой эле каржылык тартипти чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу болду. Биз маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты тармагындагы мекемелердин ишмердүүлүгүн изилдеп, мамлекеттик бюджеттин аткарылышында кандайдыр бир мыйзам бузуулар же натыйжасыздыктар орун алган-албаганын аныктадык.

— Аудиттин жыйынтыгы боюнча эң негизги шайкеш келбестиктер кайсылар болду?

— Негизги маселелер бир нече багытта болду. Биринчиден, эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана товардык-материалдык баалуулуктардын эсебин камсыздоо иштеринде олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Маселен, процедуралык бузуулар 509 миллион сомдон ашкан. Бул негизинен сатып алуулардагы ашыкча аванстык төлөмдөр, мониторингисиз жүргүзүлгөн келишимдер жана бюджеттик каражаттардын туура эмес бөлүштүрүлүшү менен байланыштуу.

Экинчиден, 403 миллион сомдон ашык каржылык бузуулар катталды. Анын ичинде бюджетти аткаруудагы кемчиликтер, мүлктү пайдалануудагы туура эмес аракеттер, отчёттуулуктагы так эместиктер жана сатып алуулардагы мыйзам бузуулар бар.

— Тактап айтканда, кандай учурлар мыйзам бузуулар катары катталды?

— Мисалы, президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланылган учурлар болду. 33,5 миллион сом гастролдорго чыгуу, спектакль коюу, жаштар иш-чараларын өткөрүү жана полиграфиялык продукцияларды сатып алуу үчүн жумшалган. Бул чыгымдар президенттин тескемесине туура келбейт жана каражаттарды максатсыз пайдалануу болуп эсептелет.

Дагы бир мисал — товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча запастарын жана дебитордук карыздарды эсепке албоо. Жалпы суммасы 25,5 миллион сомго жеткен бул каражаттар боюнча тиешелүү эсептер жүргүзүлбөй калган. Мындан тышкары, электр жана жылуулук энергиясын пайдаланууда белгиленген лимиттер сакталбай, 7,7 миллион сомго ашыкча чыгым жасалганы аныкталды.

— Сатып алуулар боюнча кандай бузуулар катталды?

— Сатып алуулар тармагында да бир топ көйгөйлөр бар. Мисалы, Дене тарбия жана спорт департаменти 84,4 миллион сомдон ашык каражатты мамлекеттик сатып алууларды уюштурбай туруп, түз келишимдер аркылуу сарптаган. Бул мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Ошондой эле, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы 56 миллион сомдон ашык суммага жабдууларды сатып алуу боюнча келишим түзгөн, бирок жабдуулар убагында жеткирилбей калган. Натыйжада, келишимдин шарттары аткарылбай, айып эсептелип бюджетке 2,7 миллион сом которулду.

— Мүлктү пайдаланууда да көйгөйлөр болгон экен…

— Ооба, мүлктү пайдалануу боюнча бузуулар 71 миллион сомдон ашкан. Негизги көйгөй - бухгалтердик баланска киргизилбей калган мүлктөр жана товардык-материалдык баалуулуктар. Мисалы, жалпы 62,9 миллион сомдук мүлк каттоодон өтпөй калган. Бул мамлекеттик мүлктүн эсеби так жүргүзүлбөгөнүн жана аны көзөмөлдөө жетишсиз экенин көрсөтүп турат.

— Аудит жыйынтыгында кандай сунуштар берилди?

— Биз бюджеттик процесстерди ачык-айкын жүргүзүү, каржылык тартипти бекемдөө жана мамлекеттик сатып алууларды мыйзам чегинде уюштуруу боюнча сунуштарды бердик. Ошондой эле, мүлктүн эсебин тактоо, дебитордук жана кредитордук карыздарды көзөмөлдөө, кызматкерлердин эмгек акыларын эсептөө тартибин жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууну сунуштадык.

— Бул мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик маселеси каралабы?

— Учурда аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Жооптуу кызматкерлердин иш-аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзам бузган адамдарга чара көрүлүшү керек деп эсептейм.

— Сиздин оюңузча, мындай бузуулар кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?

— Биринчи кезекте, каржылык дисциплинаны күчөтүп, көзөмөл механизмдерин бекемдөө керек. Мамлекеттик органдарда ички аудит кызматтарын чыңдап, автоматташтырылган эсеп жүргүзүү системасын киргизүү зарыл. Ошондой эле, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн мыйзамдык чараларды көрүү керек.

— Маегиңизге чоң рахмат, Мукаш Кадырович!

— Сиздерге да рахмат! Бюджеттин туура жана натыйжалуу пайдаланылышы — жалпы коомдун кызыкчылыгы. Процессти тыкыр көзөмөлдөө жана элге так маалымат берүү – бул биздин милдет.