Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларга автономия берүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүү пландалууда. Ошол эле учурда мамлекеттик кепилдиктер программасы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бекитилген тарифтер жана калктын аярлуу катмарларынын укуктары толугу менен сакталат. Медициналык кызматтардын баасы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт.
"Кабар" агенттигине Салдаматтсык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөмбаева билдиргендей, буга чейин мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары негизинен республикалык бюджеттен каржыланган каражатты күтүп келсе, учурда өзгөрүүлөргө даяр болуу зарыл.

"Мамлекеттик ооруканаларда эң тажрыйбалуу дарыгерлер иштейт. Алар күн сайын ар кандай бейтаптар менен иштеп, көптөгөн ооруларды жана татаал клиникалык учурларды көрүп, дарылашат. Ошондуктан биз бир гана бюджетке көз каранды болбостон, өз алдынча да демилге көтөрүп, элге керектүү кызматтарды көрсөтүүнү сунуштап жатабыз", - деди ал.
Өскөмбаева белгилегендей, сунушталып жаткан автономия толук эмес мүнөздө болот. Бул медициналык мекемелер каалаганын жасай берет дегенди билдирбейт. Мамлекеттик кепилдиктер программасы сөзсүз сакталат жана ал өзгөрүүсүз аткарылат.

"Бизде аярлуу катмардагы жарандар бар, алар медициналык тейлөө менен камсыздалышы керек. Ошондой эле камсыздандырылган жарандардын да укуктарын коргоо мамлекеттин милдети. Бул багытта эч кандай өзгөрүү болбойт", - деп билгиледи Өскөмбаева.
Анын айтымында, пилоттук автономия киргизилгенден кийин ар бир оорукана элге кандай кызматтарды жана кандай деңгээлде көрсөтө аларын кайрадан карап чыгат. Бирок кызматтардын баасы негиздүү болушу шарт.
"Учурда жеке лабораторияларда анализ тапшыруу эки-үч эсе кымбат. Ошондуктан биз бааны бир аз көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берели, бирок жеке клиникалардын баасына жеткирбегиле деп жатабыз. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгында да баалар негизсиз өсүшү керек эместиги так жазылган", - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, медициналык кызматтардын баасын ооруканалар өз алдынча кое албайт. Бул багытта Экономика жана коммерция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен буйругу кабыл алынат. Ошол буйруктун негизинде атайын методика иштелип чыгып, кызматтардын баасы эсептелет.
"Бааларды эсептөөдө мамлекеттик ооруканалардагы баалар жеке медициналык мекемелердеги баалардан ашпашы сөзсүз эске алынат. Ошондой эле майыптыгы бар жарандарга жана пенсионерлерге 10 пайыздык арзандатуу каралган. Бул дагы расмий түрдө бекитилет", - деди ал.
Ошондой эле маалыматтар ачык жарыяланып, Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жайгаштырылат. Квартал сайын көрсөтүлгөн кызматтардын саны, көлөмү, сапаты жана жарандардан түшкөн арыз-даттануулар менен пикирлер талданат. Учурда QR-код аркылуу иштеген "Эл пикири" тиркемеси бар, анда ар бир жаран өз суроосун же даттануусун калтыра алат. Бардык кайрылуулар изилденип, анын негизинде чечимдер кабыл алынат. Бул апробациялык мезгилдин негизги максаты болуп саналат.
Пилоттук долбоор февраль-март айларында, министрлер кабинетинин токтому бекитилгенден кийин ишке кирет. Апробациялык мезгилде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бекитилген социалдык камсыздандыруу тарифтери өзгөрүүсүз калат. Алар мыйзам менен бекитилгендиктен, жогорулабайт жана өзгөрбөйт.
Өскөмбаева билгилегендей, өзгөрүүлөр негизинен ички башкарууга тиешелүү болот. Мисалы, жетекчи беш дарыгердин ордуна үч дарыгер жетиштүү деп чечиши мүмкүн, бирок алар сапаттуу иштеп, ошол эле бюджеттин алкагында кошумча айлык акы алат. Ошондой эле ооруканалар кайсы багытта иштей турганын, кайсы жабдууларды ала турганын, инфраструктураны өнүктүрүүнү же жаңы бөлүм ачуу маселесин өз алдынча чече алышат.

Айлык акынын негизги стандарты сакталат, анткени ал мыйзамдар менен бекитилген. Бирок, медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөр ишинин көлөмүнө, сапатына жана жыйынтыгына жараша берилет. Кошумча төлөмдөр чектелбейт.
"Жарлыкта атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу тууралуу айтылган. Ошондуктан мамлекеттик ооруканаларда да рыноктук механизмдерди киргизүү зарыл. Бизде мыкты дарыгерлер бар, жабдуулар бар, бир аз сервис жетишпей жатат, бирок калган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү", - деп жыйынтыктады Өскөмбаева.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги президенттин "Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Айпери Кожоева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги