Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке киргизилген “Социалдык контракт” программасынын алкагында бизнесин кеңейтип, жаңы жумуш орундарына шарт түзө алган, жылдык кирешеси 1 млн сомду түзгөн "беш миллионер” аныкталды. Алардын бири - Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун тургуну Дамира Турдалиева “Кабар” агенттигине социалдык контракт аркылуу жеткен ишкерлик жолундагы ийгиликтери тууралуу айтып берди.

— Ишкерликти алгач эмнеден баштадыңыз эле? Долбоорго кантип катышып калгансыз?
— Жашым 53тө. 7 балам бар. 2022-жылы ушундай социалдык жардам аркылуу ишкерлик кылууга көмөк көрсөтүлүп жатыптыр деп угуп, долбоорго жазылып койдум. Көп өтпөй 100 миң сомдук каражат бөлүнүп берилди. Алгач кондитердик цех ачтым. Аны иштетип жүрүп, артынан эле наабайкана ачып, кийинки жылы тандыр иштете баштадым. Нан негизи абдан өтүмдүү болот экен. Учурда айылдардын баарын камсыздап келе жатабыз.
Кийин уулум дагы бир нерсе ачалы деген сунуш киргизип, наабайканадан чогулткан каражатка “Манты борбору” деген кафе ачтык. Ал эки кабаттан туруп, 30 кишиге ылайыкталган. Жаздын алды менен туризм тармагын байкап көрөлү дедик. Токой чарбасынан ижарага жер алып, “Ынтымак” деген эс алуучу жай ачтык. 2 боз үй сатып алып, 4 тапчан жасаттык. Кийинки жылы бул жерге жатакана, балдар аянтчасын куруп, фонтан жана шаркыратма орнотсокпу деп пландап жатабыз. Учурда үч бизнесибиз иштеп турат.

— Ишкерликтин бул түрү сиздин кесибиңизби же кыялыңыз беле? Эмне себептен ушул тармакты тандап алгансыз?
— Негизи окуусун окубасам дагы өзүмдүн шык-жөндөмүм менен өздөштүрүп кеттим десем болот. Улуу баламды ЖОЖго окутуу максатында Бишкек шаарына барып ресторанда 2-3 жылдай идиш-аяк жууп иштедим. Ал жердегилердин нан жапкандарын, кондитердик азыктардын жасалышын байкап, аралашып жүрүп эле үйрөнүп алдым.
Эң башында кичинекей духовка менен балдарыма нан бышырып, аз санда буйрутма алып жүрдүм. Көбүрөөк акча болсо, чоң печка алсам деп кыялданып койчумун. Кийин социалдык контракттан акча алганда нан бышыргыч, стол, стулдары менен камыр жууругуч, миксер дегендерди алдым. Чоң оокаттын иши чоң болот экен. Жакшы кирешеге чыгып, ишибиз жакшы жүрүшүп кетти. Мен күткөндөн дагы жакшы болду.
— Учурда канча адамды иш менен камсыз кылып жатасыз?
— Кафеде 6 адам, наабайканада 3 адам жана эс алуучу жайда 3 адам иштейт.

— Сизге бул ийгиликтер кантип келди? Социалдык контракттын сизге кандай жардамы тийди?
— Жоопкерчиликтүү болуп, бөлүнгөн каражатты туура багытта пайдаланса социалдык контракт абдан жакшы программа экен. Бул жерде аракет абдан чоң роль ойнойт экен. Мага эмнегедир бул иш жугумдуу жана ийгиликтүү болду. Башка кыз-келиндерге да бул долбоорго катышууну сунуштайм.

Маалымат үчүн: “Социалдык контракт” программасы – аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында 2022-жылы түзүлгөн. Андан алынган каражат кичи ишкерликти ачууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Социалдык контракт багыттары боюнча долбоорлордун 68,9 пайызы айыл чарбасына, 11,9 пайызы өндүрүшкө, 10 пайызы кызмат көрсөтүү тармагына, 9,2 пайызы соодага туура келет.