Камсыздандыруу уюмунун Ош облустук бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 12 октябрь 2026 15:27
Камсыздандыруу уюмунун Ош облустук бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды
copyright icon МКУ

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облустук филиалынын директору кызмат ордуна Садык Токтосунович Мырзакматов дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Жаңы жетекчини жамаатка Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары, түштүк аймагынын куратору Алима Нурланова тааныштырды.

Садык Мырзакматов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек жана Чүй филиалдарынын директорлорунун орун басарлары кызматтарында иштеген.

Ошондой эле ал көп жылдык эмгек жолунда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында тажрыйба топтоп, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында бөлүм башчы жана Бишкектин Свердлов жана Ленин райондорунун муниципалдык администрацияларынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.