Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дүйнөлүк компаниялар менен байланыш түздү – Калдарбеков

Маек Загрузка... 16 Май 2025 10:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Стабилдүүлүк, өнөктөштүк жана эл аралык тажрыйба Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2025-жылдын алгачкы төрт айында эмнеге жетишти? Өкмөттүн саясаты, МКУнун ролу жана жетишкендиктери тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков менен маек курдук.

Элдияр Султанович, 2025-жылдын башынан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бир топ демилгелерди ишке ашырып жатат. Кыскача айтканда, бул жыл сиздер үчүн кандай башталды?

— Абдан активдүү жана максаттуу башталды. Жыл башында койгон максаттарыбызды системалуу аткарып жатабыз. Өлкө аймагында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Анын ичинде Чүй, Ош жана Нарын облустарында чек ара постторунда мобилдик кеңселерибиз ишке кирди.

Бул кеңселер чет элдик жарандарга ОСАГО полистерин, кооптуу жүктөрдү жана атайын техникаларды камсыздандыруу, ошондой эле туристтер үчүн камсыздандыруу кызматтарын сунуштоодо.

Камсыздандыруу менен экспорттук саясат кандайча байланышып калды?

— Биз үчүн бул өтө маанилүү багыт. Элдик Банк менен биргеликте экспорттук насыяларды камсыздандыруу боюнча кызматташтык башталды. Бул өнөктөштүк алкагында “ЭлдикБанк — Мамлекеттик камсыздандыруу уюму— эки тараптуу келишимине кол коюлду. Бул— Кыргызстандагы экспорттук тобокелдиктерди камсыздандыруу боюнча биринчи улуттук платформа болуп калды.

Эл аралык деңгээлде да аракеттер болуп жатканын билебиз. Ошол тууралуу айтып өтсөңүз?

— Ооба, кызматкерлерибиз жакында эле Астана шаарында болуп, Казакстандагы "KazakhExport" уюму менен тажрыйба алмашты. Мындан сырткары, май айында кызматкерлерибиз Өзбекстанга барып, Ташкентте өткөн эл аралык форумга катышышты. Форумга 40тан ашык өлкөдөн 200дөн ашык делегаттар келишти. Биз Fenchurch Faris, Malakut, Belarus Re сыяктуу дүйнөлүк компаниялар менен байланыш түздүк.

Ички рынокто жарандар үчүн камсыздандыруу кандай жүрүп жатат?

— 2025-жылдын январь–апрель айларында МКУ тарабынан 179 камсыздандыруу окуясы боюнча жалпы 25 млн сомдон ашуун суммада төлөм жүргүзүлдү.

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча дагы аракеттер жүрүп жатса керек?

— Албетте. Биз камсыздандыруу тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөттүк. Учурда МАИ, ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташуудабыз. Бишкек, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын областтарында комплекстүү маалыматтык иштер жүрүүдө.