Мамлекеттик ипотека. Кара-Балтада 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды

Аймак Загрузка... 21 Февраль 2025 15:57
copyright icon www

Бишкек,21.02.25./Кабар/. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мамлекеттик ипотеканын алкагында жаңы турак-жай комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев капсула коюу аземинде билдирди.

Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен Кара-Балта шаарында 15 кабаттуу 60 блоктон турган турак-жай комплекси курулат. Комплекс жалпы жонунан 4 420 батирден турат.

Тургундар үчүн мындан тышкары, комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай каралган.

Ага катар жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат.

Маселен:

  • 750 орундуу эки мектеп (2 нөөмөттүү);
  • 280 орундуу эки бала бакча;
  • Балдар аянтчалары;
  • Эс алуу зоналары;
  • 2 064 орундуу унаа токтотуучу жай;
  • Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору (котельная) болот.

"Бул долбоор шаар тургундары үчүн алда канча ыңгайлуу. Ар бир курулуш өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот",-деген ал.