Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексиндеги 5 миң батирдин миңи өз ээсин тапты. Бүгүн мындагы 476 батирдин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Буга чейин өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында 510 батир муктаж болгондорго тапшырылган.
Жалпысынан "Мурас" турак жай комплексинде 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарга берилмекчи.
Аталган турак жай комплекси 18 жана 24 кабаттан турган отуз тогуз блокту камтыйт.