Кыргызстанда 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат. Аларды кимдер ала алат?

Коом Загрузка... 28 Март 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Өлкө боюнча 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат, ал эми кезекте тургандардын саны 45 миңди түзөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдирди.

Анын айтымында, айрым аймактарда курулуп жаткан үйлөрдүн саны кезекте тургандардын санынан ашат. Бишкек борбор болгондуктан катышуучулардын көбү ушул шаардан.

“Бизде эки негизги механизм бар. Биринчи кезеке туруу. Бул үчүн белгилүү бир талаптар бар. Биринчиден, катышуучу акыркы үч жылда эч кандай турак-жайга ээ болбошу керек. Экинчиден, жалпы эмгек стажы эки жылдан кем эмес болушу керек.

Бул механизмдин алкагында бизде үч ипотекалык продукт бар:

-жеңилдетилген ипотека;

-социалдык ипотека;

-жеткиликтүү ипотека.

Жеткиликтүү ипотекалык программага расмий түрдө жеке сектордо иштеген жарандар катыша алат.

Экинчи механизм — үлүштүк турак-жай куруу. Мында бул формат чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандарыбызга багытталгандыктан, ал адам расмий иш менен камсыз болгонбу же жокпу, аны эске албайбыз. Мындан сырткары жалгыз бой энелер, жесирлер, көп балалуу үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өзүнчө категориялар бар”,-деп кошумчалады Тотубаева.