А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарлардын санын кыскартууну чечти. Мындан улам төмөнкү жаныбарлар сатыкка коюлду.
- 5 жана 4 жаштагы төөлөр – 90 миң сомдон;
- эки топоз, 4 жаш - ар бири 35 миң сомдон;
- эчки, 8 жаш - 20 миң сом;
- дикобраз, 9 жаш - 50 миң сом;
- енот, 5 жаш - 50 миң сом;
- төрт мышык, 4 жаш - ар бири 10 миң сомдон сатылат.
Жан-жаныбарлардын жалпы бааланган суммасы 410 миң сомду түзөт.
Жаныбарлар эмне себептен сатылып жатканын Мамлекеттик цирктин директору Светлана Аширова “Кабар” агенттигине курган маегинде түшүндүрүп берди.
- Мамлекеттик цирк жаныбарларды сатуу боюнча расмий аукцион өткөрөбү?
- Азыр “Эркин-Тоо” гезити аркылуу жаныбарларды ачык аукционго коюп жатабыз деп расмий билдирүү таратуудабыз. Биз муну бардыгы ачык-айкын болушу үчүн жасап жатабыз. Көпчүлүк адамдар жаныбарларды базарга алып кетишти деп айтып жатышат, бирок бул туура эмес. Бардык жаныбарлар өз ордунда турат.
- Цирк эмне себептен жаныбарларды сатып жатат?
- Жаныбарлар азыркы жетекчиликке чейин эле алынган, тийиштүү деңгээлде каралган эмес. Алар ар кайсы жерлерге чачырап кеткен. Биз бул жаныбарларды чогултуп, чип койдук. Азыр алар цирктин көзөмөлүндө, тынымсыз тамактандырып, багып жатабыз. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы.

Цирктин казынасына эч кандай салым кошпогондуктан алар сатыкка коюлуп жатат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик цирк аларды тамак-аш менен толук камсыздоодо, бирок бул бюджетке зыян келтирүүдө.
- Сатуудан түшкөн каражат кайда жумшалат? Алар башка жаныбарларды багууга, циркти өнүктүрүүгө же башка муктаждыктарга кетеби?
- Цирктин казынасына түшкөн кандай гана каражат болбосун цирктин өнүгүшүнө – биздин артисттерге жана мекеменин керектөөсүнө кетет.
Биз түшкөн каражатты расмий түрдө жарыялайбыз. Тактап айтканда, циркке программаларды коюуда керек болгон жаныбарларды сатып алууга жумшайбыз.
- Сатуу алдында ветеринардык экспертизалар жүргүзүлгөнбү? Жаныбарлардын ден соолугу тууралуу сертификаттары барбы?
- Албетте. Бардык жаныбарлар эмдөөдөн өткөрүлөт. Учурда циркте аларды кылдаттык менен көзөмөлдөп, убагында эмдөөдөн өткөргөн тажрыйбалуу ветеринар иштейт. Оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик циркинде жаныбарларды кармоого эң жакшы шарттар түзүлгөн, бул үчүн президентибиз Садыр Жапаровго ыраазыбыз. Бизге жаныбарларды сүйгөн жакшы кардарлар келишет. Негизинен программа үчүн жаныбарларды колдонгон кардарлар келишет – булар чет элдик цирктер жана башкалар болушу мүмкүн.