Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылынын тургунунун үйүн кайра үй-бүлөнүн менчигине өткөрүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Жайыл районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анда айылдын тургуну, студент кыз үй-бүлөсүнүн турак жайы муниципалдык менчикке өтүп кеткенин айтып, жардам сурады. Анын айтымында, 2004-жылы үйдү каттоодон өткөрүү иштери аягына чыкпай калганын үй-бүлөсү билбей калган. Анын ата-энеси II топтогу майыптыгы бар жарандар.
Жарандын кайрылуусун уккан президент тиешелүү органдарга үйдү мыйзамдаштырып, кайра үй-бүлөнүн менчигине өткөрүп берүү тапшырмасын берди.
“Эски үйлөрдү мыйзамдаштырып туруп, кайра ээлерине бергиле. Аны менен мамлекетти байытасыңарбы?” — деди Садыр Жапаров.