Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук конфискацияланган алтын өткөрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча бөлүмү мүлктү конфискациялоо жөнүндө соттук акттын аткарылышын камсыз кылды.
Анда жалпы салмагы 3971,04 грамм болгон 6 алтын куймасы конфискацияланды.
Мамлекеттин кирешесине өткөрүлгөн жалпы сумма 58 млн 715 миң сомду түздү.