Бишкек, 26.09.25 /Кабар/. Күн мурун өлкөнүн маданият мекемелерине, анын ичинде театрларга, филармонияларга, музыкалык мекемелерге жана музейлерге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 39 кичи автобус тапшырылды.
Бул унаалар аталган маданий мекемелерге иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун арттыруу, аймактардагы логистиканы жакшыртуу максатында берилди.
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын директору Таалайбек Тургунов да кичиавтобус алган мекемелердин катарында “Кабар” агенттигине жаңы кызмат унаасы жөнүндөгү ойлору менен бөлүштү.
“Унаалардын тапшырылышы жалпы эле маданият тармагы үчүн абдан жакшы саамалык болду. Мисалы, биз айыл жерлерине гастролго барганда өзүбүздүн унаабыз жок абдан кыйналчубуз. Ошондой эле башка дагы айрым театрлар өзүлөрүнүн транспорт каражаты жок ижарага жалдап, тапкан акчасынын көп бөлүгү кайра эле чыгымга кетип калчу. Муну менен биздин дагы бир чоң маселебиз чечилди. Андыктан, биз албетте, президентибизге, маданият министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Ошону менен бирге эле 2026-жылы айлык акы көтөрүлөт деген жакшы жаңылык угуп келдик”,-деди.
Белгилей кетсек, июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 унаа (51 орундуу – 5 чоң автобус, 37 орундуу – 10 автобус, 15 орундуу – 57 кичи автобус) тапшырган.