Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалы бүгүнтөн тарта жарандарды ОСАГО полиси боюнча күнү-түнү, 24/7 режиминде, эс алуу жана майрам күндөрүнө карабай үзгүлтүксүз кабыл ала баштады. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, шаар тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге ишемби, жекшемби күндөрү дагы келип, ОСАГО полисин оңой ала алышат. Бул калктын өсүп жаткан муктаждыгына жана мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тартып камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 3000 сом айып пул салына баштайт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды мыйзам талаптарына ылайык, алдын ала камсыздандыруу полисин алууну сунуштайт.