Мамдума үчүнчү балага энелик капиталды көбөйтүүнү сунуштады

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 09:20
1f985f70-c5f9-4230-94ff-0c7ddd1f4650.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25./Кабар/. “Адилеттүү Россия – Чындык үчүн” партиясынын лидери, Мамдуманын депутаты Сергей Миронов премьер-министр Михаил Мишустинге үчүнчү балага кошумча төлөмгө барабар өлчөмдө энелик капиталга кошумча төлөм киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, демилгени Мамдуманын вице-спикери Александр Бабаков да колдогон.

“Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен үчүнчү жана төртүнчү баланы камтуу үчүн энелик капиталдын программасын кеңейтүү маселесин кароону сунуштоо туура.

Мындан тышкары, төлөмдүн өлчөмү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жыл сайын индексациялоо менен экинчи бала үчүн белгиленгенден төмөн болбоого тийиш”, - деп айтылат кайрылууда.

Миронов энелик капиталдын программасын кеңейтүү көп балалуу үй-бүлөлөрдү стимулдаштыруу үчүн зарыл экенин белгиледи.

Анын ою боюнча, бүгүнкү күндө энелик капитал көп балалуу болууга үндөбөйт. Негизги сумма биринчи бала үчүн төлөнөт, ал эми үчүнчү бала үчүн федералдык деңгээлде эч нерсе каралган эмес.

"Адилеттүү Россия - Чындык үчүн" партиясынын лидери партия көптөн бери ар бир кийинки бала үчүн төлөмдөр көбөйгөндө энелик капиталдын прогрессивдүү шкаласын киргизүүнү сунуштап келгенин, бирок Министрлер кабинети жана Мамлекеттик думадагы көпчүлүк алардын демилгесин азырынча колдой электигин белгиледи.