Мамбеталиев: Маданият күндөрү – эки элди жакындаткан маданий көпүрө

Маданият Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 23:15
IMG_1230.jpeg
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн башталышынын алдында журналисттерге маек куруп, эки тараптуу маданий кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Министрдин айтымында, бул жолку маданий иш-чараларга Өзбекстандан 170тен ашык өнөр жана искусство өкүлдөрү келип отурушат.

"Бул маданият күндөрүн өткөрүү — элдер ортосундагы маданий көпүрө болуп саналат. Иш-чаранын ачылыш аземи “Рух-Ордо” маданий борборунда өтүп жатса, жабылыш аземи эртең “Дордой Номад” этномаданий борборунда өтмөкчү. Бул чыгармачыл адамдардын ортосундагы байланыштарды чыңдап, тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түзөт. Муну чыныгы элдик дипломатия десек болот", — деди Мирбек Мамбеталиев.

Ошондой эле ал эки өлкө президенттеринин туруктуу жана акылман саясатынын аркасында мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтык, анын ичинде маданий алакалар ырааттуу өнүгүп жатканын баса белгиледи. Келген өнөр адамдары көгүлтүр Ысык-Көлдө эс алып жаткан тургундарга жана конокторго жагымдуу маанай тартуулоодо. Былтыр Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстанда ийгиликтүү өткөнү белгилүү болду.

Маданий иш-чаранын эмне үчүн дал Чолпон-Ата шаарында өтүп жатканына токтолгон министр, буга өлкөнүн 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылуусу себеп болгонун билдирди. Ага ылайык, Чолпон-Ата шаары уюмдун туристтик жана маданий борбору катары белгиленип, ушу тапта аймакта көптөгөн масштабдуу иш-чаралар уюштурулуп жатат.