Манас районундагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолот

Аймак Загрузка... 06 Март 2026 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусунун Манас районунда социалдык-маданий жайлардын абалы менен кабар алды. 

Парламенттен билдиришкендей, төрага алгач Талас айылындагы менен таанышты. Аталган медициналык жайдын имараты 1967-жылы курулуп, ишке берилген. Андан бери эскилиги жетип, имарат тиешелүү талаптарга жооп бербей калган. Андыктан, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Марлен Маматалиевден жаңы имарат курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

"Саламаттыкты сактоо – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты. Калктын ден соолугуна жана билим берүүгө басым жасаганда гана өнүккөн мамлекетти кура алабыз. Ошондуктан, бул медициналык жайды жаңыртуу ишин жеке көзөмөлүмө алып, тийиштүү көмөк көрсөтөбүз", – деди төрага.

Ошону менен катар ал тиш дарылоо бөлмөсүндөгү эски жабдууларды өзүнүн резервдик фондунан жаңыртып берерин убада кылды.