Бишкек,19.02.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматыны Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун текшерди.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн алкагында оорукананын негизги имараттары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталды.
Одоно бузууларды калыбына келтирүүгө иштин көлөмүнө жараша 30 күн бакыт берилип, көзөмөлдүк текшерүүгө чейин кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди.
Белгилей кетсек, социалдык объектилерди пландан тышкаркы текшерүүлөр буга чейин да байма-бай жүргүзүлүп келген. Министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасынын негизинде республика боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде күчөтүлгөн текшерүүлөр улантылат.
"Ири материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн ӨКМ адистери алгач өрт коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.