Мальдив аралдарында жаштарга тамеки чегүүгө тыюу салынды

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-11-03 at 08.26.07.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Мальдив аралдарында жаштарга тамеки чегүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы жобого ылайык, 2007-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн жарандарга Мальдивде тамеки продукцияларын сатып алууга, колдонууга жана сатууга тыюу салынат.

Максат — келечекте тамеки чекпеген муунду калыптандыруу.

Ошондой эле өлкө аймагында бардык жарандар үчүн электрондук тамекилерди жана вейптерди импорттоого, сатууга, сактоого жана колдонууга толугу менен тыюу салынган. Бул тыюу өлкөгө келген туристтерге да тиешелүү.

Мыйзам бузгандарга карата жаза да каралган. Жашы жете электерге тамеки саткан тарап 50 миң руфия (болжол менен 2800 евро) айып пул төлөйт, ал эми электрондук тамеки колдонгондорго 5000 руфия (280 евро) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындай демилгени дүйнөдө биринчи болуп Жаңы Зеландия киргизген. Бирок бир жылдан кийин жаңы өкмөт бул чектөөлөрдү экономикалык себептерден улам алып салган.