Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун Мальдив аралдарында учак океанга шашылыш конду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, туристтерди ташыган учак бир аралдан экинчи аралга учуп бара жаткан. Учак абага көтөрүлгөндөн бир канча убакыт өткөндөн кийин бороонго туш болуп, бийиктигин жогото баштаган.
Учкучтар учакты сууга кондурууга жетишип, ал жерде бир сааттан ашык турган.
Андан кийин учак абага көтөрүлгөн, бирок бороондон улам жээкке жакын океанга кайра конууга аргасыз болгон.