Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Малайзияда катуу жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, он штатта өзгөчө кырдаал жаралып, 18 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, эң көп жабыркаган Келантан штатында 9 миң 700дөн ашык адам коопсуз жайга көчүрүлүп, атайын жардам берүү борборуна жайгаштырылды. Ошондой эле Селангор штатынан 2 миң 718 адам, Перактан 2 миң 881 адам эвакуацияланган.
Малайзия өкмөтүнүн башкы катчысы Шамсул Азри Абу Бакар мекемелердин кызматкерлери жана зарыл жабдуулар суу ташкынынан жабыркаган аймактарга жөнөтүлгөнүн билдирген.
Билим берүү министринин орун басары Вонг Ка Во муссон мезгили улуттук экзамендерге тоскоолдук жаратпасын, анткени бийлик кырдаалды көзөмөлдөп, өз учурунда чара көргөнүн белгилеген.
Премьер-министр Анвар Ибрагим Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигинин даярдыгына канааттанганын билдирип, бардык мекемелерди жабыркаган калкка толук көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Метеорология департаменти жакынкы күндөрү жаан-чачын жана катуу шамал уланарын эскертип, элди этият болууга чакырды.