Малайзияда газ түтүгү жарылып, 112 киши жаракат алды

Дүйнө
Малайзияда газ түтүгү жарылып, 112 киши жаракат алды

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Малайзиянын Субанг-Жая шаарында газ түтүгү жарылып, 112 адам жабыркады.

ТАСС кабарлагандай, жабыркаган жарандардын 63ү ооруканага жаткырылды.

Маалыматка караганда, мындан сырткары тилсиз жоодон шаардагы 47 үй жабыркаган. Түтүк мамлекеттик энергетикалык компания Petronas`га таандык болгон.

Компания өкүлдөрү окуядан улам жакын жерде жайгашкан май куюучу жайларга зыян келтирилбегенин айтышты.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.