Максат Асаналиев УКМКнын жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Июль 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.

Адылбек Касымалиев атайын кызматтын жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып жатып, президенттин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Максат Асаналиевге маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, ал эми УКМКнын өздүк курамы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин ар-намыс менен жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.