Коопсуздук жана азык-түлүк баасы: Бишкек мэри акимдерге тапшырма берди

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкекте Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары, анын ичинде эт азыктарынын баасынын өсүшүн алдын алуу жана жөнгө салуу чаралары каралды.

Талкууда төрт административдик райондун башчыларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте социалдык маанидеги азыктардын баасына мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Свердлов жана Ленин райондорунун башчыларына “Ош” жана “Аламүдүн” базарларынын аймагындагы дүң эт базарларынын ишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр Айбек Жунушалиев 22-февралда Ала-Тоо аянтында өтө турган майрамдык иш-чара учурунда борбор калаанын тургундары жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.