Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Майорка аралынын Плайя-де-Пальма пляжынан 2 метр тереңдиктен рим дооруна таандык соода кемесин табылды. Бул тууралуу Известия жазды.
Маалыматка ылайык, ал болжол менен 1,7 миң жыл мурда, биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосунда чөккөн. “Сес Фонтанельес” деп аталган бул кеме Иберия, Түндүк Африка жана Балеар аралдарынын ортосунда жүргөн деңизчилердин жашоосун, ал доордогу соода жолдорун жана кеме куруу ыкмаларын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу тарыхый табылга болуп эсептелинет.
Кемени жергиликтүү тургун Феликс Аларкон байкап калып адистерге кабар берген. Изилдөө учурунда кеме 12 метр узундукта экени жана Испаниянын түштүк жээгиндеги Картахенадан чыккан болушу мүмкүн экени аныкталган. Ал Римде кеңири колдонулган зайтун майын, шараптарды жана гарум (ачытылган балык соусу) ташыган. Ал эми мачтанын астынан табылган монета кеменин б.з. 320-жылдары чөккөнүн көрсөттү.
Кеме чөккөндөн кийин тез эле кум басып калгандыктан, аба кирбей, чирип кетүүдөн сакталган. Ошондой эле изилдөөчүлөр андан ондогон бүтүн амфораларды (чопо идиштерди), териден жасалган бут кийим, жыгач бурагыч жана Диана аял кудайынын сүрөтү түшүрүлгөн май чыракты табышкан. Кээ бир идиштерде христиан дининин белгилери да бар.
Рим колбашчысы Квинт Цецилий Метелл Балеарик аралды б.з.ч. 123-жылы багынткандан кийин, Майорка Батыш Жер Ортолук деңизиндеги маанилүү стратегиялык жайга айланган.
Азырынча жыгач калдыктар ошол эле жерде, кумдун астында сакталууда. Ал эми табылган амфоралар жана буюмдар реставрацияга жөнөтүлдү. Адистердин айтымында, кеме бөлүктөргө бөлүнүп чыгарылып, андан соң атайын тазалоо жана туздан арылтуу иштери жүргүзүлөт. Бул процесс кеминде беш жылга созулат. Андан кийин бул баалуу коллекция Майорканын деңиз мурасына арналган музейдин негизги экспонаты болуп калат.