Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын 28-майынан баштап Ош-Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирет.
Маалыматка ылайык, каттамдар Air Astana авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.
Жүргүнчүлөр ыңгайлуу шарттарды, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жана негизги эл аралык хабдарга - Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг жана башка көптөгөн багыттарга ыңгайлуу уча алышат.
"Бул аба байланышын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам, саякатка, бизнеске жана жакындары менен жолугушууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.