Маевканын жашоочулары таштанды челектерин сатып алышты

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Биринчи май районунун Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары жаңы таштанды челектерин сатып алышты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, эми таштандыны “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери график боюнча алып кетип турат.

Аким аталган жерге барып, жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлерин укту. Анда катуу таштандыларды ташып чыгууну жакшыртуу жана уюштуруу маселелери талкууланды.

Район башчысы жергиликтүү тургундардын активдүүлүгүн жана катышуусун белгилеп, демилгени активдүү колдогондорго ыраазычылык каттарын тапшырды.

Мындай иш-чаралар шаардын тазалыгын сактоо жана камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.