Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен алып салуу сунушу боюнча өз позициясын түшүндүрдү.
Министрликтин басма сөз кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, бул пикир Ош шаарынын мэринин жеке позициясы. Аталган маселе боюнча министрликке же башка мамлекеттик органдарга расмий кайрылуулар түшкөн эмес.
Белгиленгендей, Сулайман-Тоо маданий мурас объектиси статусуна ээ жана ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
"Министрлик бул статусту жана келечек муундар үчүн тарыхый-маданий объектини сактоону камсыз кылуу маанилүү деп эсептейт. Сулайман-Тоонун эл аралык деңгээлде таанытуу Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын жайылтууга салым кошуп, Ошко туристтерди тартат. Улуттук баалуулуктар тарыхыбыз менен бирге сакталып, келечек муундарга өткөрүлүп берилиши керек", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу мекеме "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде Кыргызстан үчүн тарыхый, маданий жана туристтик мааниге ээ болгон жай катары сакталып калууну жактайт.