Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева тармактык комитеттин жыйынында мамлекеттик маданий иш-чараларга популярдуу блогерлердин катышуусун сынга алып, Маданият министрлигин кесиптик этикага көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.
"Киноиндустрия жогорку деңгээлдеги маданиятты талап кылат. Демөөрчүлөр каржылап жатат деп эле социалдык тармактагы блогерлерди чакыра берүүгө болбойт. Мындай көрүнүштөрдү чектөө керек", - деди ал.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев негизги маданий иш-чаралардын форматы кайра каралып чыгарын айтты.
Тактап айтканда, жыйында 2026-жылы төртүнчү жолу өтө турган Бишкек эл аралык кинофестивалы жөнүндө сөз болду.
"Биз киного салым кошкон адамдарды чакырабыз жана кетирилген кемчиликтерди оңдойбуз. Биз хайп жана шоу үчүн айрым жоопкерчиликсиз жана орунсуз аракеттерди чектейбиз", - деди Тагаев.