Маданият министри "Сулайман-Тоо" музей комплексинин ишмердүүлугү менен таанышты

Маданият 2069 20 Март 2025 10:29
485022795_955294183429005_7475825744663413028_n.jpg
484998359_955294190095671_4504449949984455810_n.jpg
485171829_955294160095674_6910724557524365275_n.jpg
485085654_955294130095677_3114159385855053384_n.jpg
485629786_955294203429003_8471201675375938081_n.jpg
485731378_955294116762345_3385303411809230781_n (1).jpg
Алдыга
Артка
485022795_955294183429005_7475825744663413028_n.jpg
484998359_955294190095671_4504449949984455810_n.jpg
485171829_955294160095674_6910724557524365275_n.jpg
485085654_955294130095677_3114159385855053384_n.jpg
485629786_955294203429003_8471201675375938081_n.jpg
485731378_955294116762345_3385303411809230781_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда музей комплекстин башкы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жайларын кыдырып, оңдоо иштерин сапаттуу бүтүрүүгө көрсөтмөлөрдү берди.

Андан сырткары, музей фондунда сакталып турган экспонаттардын абалын көрүп чыкты. Белгилесек, экспонаттарды эрежеге ылайык сактоо үчүн атайын эмеректер, манекендер жана атайын үкөктөр жаңы сатылып алынган.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр мекеме жетекчилери менен музей комплекс боюнча келечек пландарын талкуулашты.

Маалымат үчүн: "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси 31-август КР Эгемендүүлүк майрамына карата саат 11:00дөн баштап көрармандарга өз эшигин ачат.

Келгендер жаңыланган башкы экспозициялык залдан өлкөнүн түштүк аймагынын жаратылышы жана бай тарыхы менен тааныша алышат.

"Алымбек датка" эс алуу багындагы үч кабат боз үйдүн биринчи кабатында музей казынасынан алынган этнографиялык баалуулуктар коюлган. Анда XIX-ХХ кылымдарга таандык ата бабаларыбыздын колдонгон буюмдары бар. Боз үйдүн экинчи кабатында туристтик маалымат борбору уюштурулган. Мында негизинен Ош облусундагы туристтик жайлар боюнча маалыматтар берилет. Ал эми үчүнчү кабатта музей сувенир дүкөнү жайгашкан.