Маданият министри “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылышына катышты

Маданият Загрузка... 27 Июль 2025 19:19
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 27.07.25. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылыш аземине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул маданий-агартуу долбоору жаштардын улуттук аң-сезимин күчөтүүгө, кыргыз элинин тилин, тарыхын, салт-санаасын жана бай маданий мурасын терең таанууга өбөлгө түзөт.

«Кыргыз элинин руханий дөөлөтүн сактоо жана даңазалоо — бул ар бир жарандын парзы. Анткени маданиятты сактоо — бул элдин тарыхын, уңгусун сактоо менен барабар», — деп белгиледи министр.

Анын айтымында, “MURAS” лагери — бул жөн гана эс алуу эмес, мекенге болгон сүйүүнү, чыгармачылыкты жана лидерлик жөндөмдөрдү ойготкон аянтча болуп саналат.

Министр иш-чараны уюштургандарга жана колдогон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, долбоор ар бир катышуучунун жүрөгүндө мекенге болгон сыймыкты жана жоопкерчиликти ойготот деген ишенимин билдирди.