Маданий мурас эл аралык сахнада: Жаш артисттер Кыргызстанды Россияда таанытат

Маданият 157 17 Август 2026 16:00
773971156_1360369759063611_2763512229042837392_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Б. Ибраев атындагы Театралдык окуу жайынын студенттери Россияда өтчү "Сириус – Роза Хутор" эл аралык искусство фестивалына катышат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, аталган фестиваль балдардын жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуусуна жана искусствонун ар түрдүү багыттары боюнча чыгармачылык байланыштарды чыңдоого багытталган.

Фестивалдын чыгармачылык программасынын алкагында Б.Ибраев атындагы Театралдык окуу жайынын студенттери кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган "Кулмырза жана Аксаткын" лирикалык дастанынын сахналаштырылган вариантын тартуулашат.