Мадагаскарда миңдеген адам президенттин отставкасын талап кылып митингге чыкты

Дүйнө Загрузка... 01 Октябрь 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-10-01 at 17.42.33.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Мадагаскарда миңдеген жаран өлкө президенти Андри Ражоэлинанын отставкасын талап кылып, кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Анциранана шаарында миңдеген демонстранттар президентке каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарда митингге чыккандар Сенатты, Конституциялык сотту жана Шайлоо комиссиясын таркатууну да талап кылышууда.

Буга чейин 29-сентябрда өткөн нааразылык акциясында жаштар өкмөттүн отставкасын талап кылып, өлкөдө электр энергиясы менен таза суунун үзгүлтүккө учурашына каршы чыгышкан. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, соңку нааразылык акцияларында кеминде 22 адам каза болгон.