Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Франциянын борбору Париж шаарындагы дүйнөгө белгилүү Лувр музейи коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Музейдин жабылышы ал тонолгондон кийин жүрүп жаткан иликтөө иштерине байланыштуу. Учурда аталган музейде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кампана галереясы жайгашкан Лувр музейинин түштүк канатына 19-октябрда уурулар кирип, болжол менен 88 миллион еврого бааланган сегиз падышалык зер буюмдарын уурдап кетишкен. Учурда уурдалган буюмдар табыла элек.
Француз басылмаларынын маалыматына караганда, бул окуядан кийин музей коопсуздукту күчөтүү максатында бир катар чараларды көрө баштады. Тактап айтканда, уруулардан коргой турган тосмолор орнотулууда, кирүүнү көзөмөлдөө системасы жаңыланып, видеобайкоо камераларынын саны эки эсе көбөйтүлмөкчү.
Мындан тышкары, Луврдун технологиялык инфраструктурасы толук жаңыртылат. Ошондой эле музейдин жетекчилиги коопсуздукту күчөтүү үчүн коопсуздук боюнча координатор деген жаңы кызмат ордун түзүүдө.
Лувр музейи оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабын 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатат.