Лула да Силва кайрадан Бразилиянын президенти болуп шайланды

Дүйнө
Лула да Силва кайрадан Бразилиянын президенти болуп  шайланды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва президенттик шайлоонун экинчи айлампасында сенатор Флавиу Болсонаруну жеңип, кайрадан мамлекет башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, добуштардын 99,79%ы эсептелген учурда Лула да Силва 51,76%, ал эми Флавиу Болсонару 48,24% добуш алган.

Калган добуштардын саны Болсонарунун айырманы жоюп, алдыга чыгышы үчүн жетишсиз.

Буга чейин коомдук пикирди изилдөөчү Datafolha компаниясы да шайлоонун экинчи айлампасында Лула да Силванын жеңишке жеткенин билдирген.