Бишкек, 18.13.25. /Кабар/. Беларусь Элдик жыйыны — беларусь коомунун турукташтыруучусу. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Минскте өтүп жаткан VII Беларусь Элдик жыйынынын экинчи отурумунда элге жана парламентке кайрылып жатып айтканын БелТа агенттиги жазды.
Александр Лукашенко Беларусь Элдик жыйынынын укуктук жөнгө салуу процессиндеги ролу тууралуу оюн билдирди.
"Делегаттар жогорку статуска ээ болду. Ал эми бул — сиздер өкүлү болгон элдин ишеними. Делегат катары сиздер экономикадан жана жогорку сотторду түзүүдөн баштап, тынчтык жана коопсуздук маселелерине чейинки эң маанилүү чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуусуздар.
Ушул эле жыйында сиздер Конституциялык жана Жогорку соттордун курамын олуттуу жаңылоону караган кадрдык чечимдерди кабыл алышыңыздар керек. Бул соттук корпустун жашаруусу гана эмес. Беларусь Элдик жыйыны конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын, муундардын сабакташтыгын жана жарандык ынтымакты камсыз кылууга тийиш. Ар бир адам элдик кеңештин мүчөсү деген жогорку наамды туу катары көтөрүп жүрүшү керек. Сиздер — өлкөбүздүн келечегисиздер.
Мен түбөлүктүү эмесмин. Мен кызматтан кетип жаткан президентмин. Мен түбөлүк президент боло албайм. Анын кереги да жок", — деди мамлекет башчысы.
Александр Лукашенко эл менен бирге өлкө үчүн аз эмес иштерди жасаган президент катары ага андан ары эмне болору маанилүү экенин баса белгиледи.
"Сиздер — биздин коомдун турукташтыруучусуңар. Эч кандай президенттер, партиялар, топтошкон топтор, депутаттар жана башкалар биз сиздер менен түзгөн нерсени буза алышпайт. Ооба, өзгөртөбүз. Сиздер өзгөртөсүздөр. Бирок сиздер өлкөнү туура нукка салып, түрткү беришиңиздер керек — андан ары алдыга карай кете берсин", — деп баса белгиледи беларусь лидери.